ГЕТЕРАКИДОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:22, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕТЕРАКИДО́З – куштардын гельминтоз ылаӊы. Heterakidae тукумундагы мите курт пайда кылат. Ылаӊ бардык жерде кездешет. Гетеракиддер – майда, ак саргыл түстөгү жумуру курттар, узундугу 5–13 мм. Личинкасы тышкы чөйрөдө өсүп жетилет. Гетеракидозду ылаӊдуу куштар таратат. Патологиялык процесс ичегиде өөрчүп, кийинчерээк башка органдарга өтөт. Мите курттар ичегинин былжыр челин жаралантып, анын безин некрозго айландырат. Дарылардан фенотиазин колдонулат. Профилактика: жөжөлөрдү өзүнчө бөлүп багуу, жайытты которуу, тоокканадагы буюмдарды таза кармоо ж. б.