ГИДРОМОРФТУУ ТОПУРАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОМОРФТУУ ТОПУРАК (гидро... ж-а гр. мorphе – форма, түзүлүш), туруктуу ашыкча нымдалуунун натыйжасында калыптанган топурак. Микрорельефте узак убакыт суунун токтоп турушунан же жер астындагы суунун деӊгээли 3 м тереӊдикке жетпеген учурда пайда болот, мисалы, саз топурактары. Гидорморфтуу топурактын негизги өзгөчөлүгү – профилинин түзүлүшүнө глей же чым көӊдүн жыйналышы. Топурактын үстүнкү бетиндеги өсүмдүк калдыктары ашыкча нымдуулуктун натыйжасында өтө жай гуминделет ж-а минералдашат, натыйжада чым көӊ пайда болот. Ашыкча нымдалуу өсүмдүк курамына, алардын калдыктарынын ажыроосуна ж-а мүнөзүнө таасир этет. Анаэробдук шартта окистенүү процесси жай жүрүп, органикалык заттар аягына чейин минералдашпайт. Глей – узак, ашыкча нымдалууда калыптанган, орточо тыгыздыктагы боз чопо теги. Мындай жерди мелиорациялап ж-а шорунан арылтып, сазды кургаткандан кийин пайдаланса болот. Гидорморфтуу топурак Кыргызстандын аймагында Чүй, Талас, Ош облустарынын өрөөндөрүндө көп кездешет.