ВЕТЕРИНАРИЯ САНИТАРИЯСЫ
ВЕТЕРИНА́РИЯ САНИТАРИЯСЫ – ветеринариянын малдын ылаңдарын алдын алууну, мал м-н кишиге бирдей жугуштуу ж-а инвазиялуу оорулардан сактоону, ошондой эле малдан алынуучу санитариялык талапка жооп берүүчү продуктуларды, сырьёну ж-а тоютту өндүрүү жолдорун изилдөөчү бөлүмү. Ал ветеринариялык-санитардык иш чараларды иштеп чыгат. Булар – зыяндуу организмдердин, ылаңдардын, ылаң ташуучулардын киришинен коргоо максатында сөзсүз аткарылуучу талаптар. Алар ветеринариялык закондор м-н чектелет. Малдын ылаңдан соо болушун коргоо боюнча ветеринариялык-санитариялык иш-чараларга төмөнкүлөр кирет: мал сарайларында, тоют даярдоо ж-а сактоодо, кыкты чогултуп, мал ордун тазалоодо белгилүү режимди кармоо, биологиялык калдыктарды утилдөө, дезинфекциялоо, дератизациялоо; топуракты ж-а сууну булгануудан сактоо ж. б. Ошондой эле малдан алынган продуктулардын, тоюттун, суунун, мал дарыларынын, жаныбарлардын ж-а алардын жашоо чөйрөсүнүн гигиенасын ж-а багуусун жөнгө салуучу ветеринариялык-санитариялык нормативдерди иштеп чыгат. Ветеринариялык-санитария бир катар илимдер (экология, физиология, биохимия, эпизоотология, эпидемиология, гельминтоология ж. б.) м-н тыгыз байланышта. Ветеринариялык санитариялык иш-чаралар 19-кылымда Л. Пастердин ачылыштарынан кийин илимий негизделген, к. Ветеринария, Ветеринария-санитариялык эксперттөө.
Ад.: Поляков А. А. Ветеринарная санитария. М., 1979.