ВЕТО
ВЕ́ТО (лат. veto – тыюу салам) – 1) мамлекеттик укукта – мамлекеттик бийликтин бир органы (мамлекет башчысы) мамлекеттик башка органдын чечимин токтотуу же күчүнө киргизбей коюу (тыюу салуу) актысы. Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга карата мамлекет башчысы – Президентке берилген Вето укугу өзгөчө мааниге ээ. Ветону абсолюттук ж-а чектелген (резолютивдик) же салыштырмалуу (суспенсивдүү) деп экиге ажыратышат. Абсолюттук Вето парламент кабыл алган мыйзамды мамлекет башчысы такыр эле четке кагып, күчүнө киргизбей коюу укугу. Ал эми салыштырмалуу Вето болсо, парламент кабыл алган мыйзамдын күчүнө киришин убактылуу гана токтото алат, анткени парламент экинчи жолу карап, анда бул мыйзамды көпчүлүк добуш м-н кайрадан кабыл ала алат. Мындай учурда мыйзамды биротоло кабыл алынды деп эсептеш үчүн добуш берүүнүн басымдуу көпчүлүгү, мисалы, АКШ м-н Россияда ар бир палатанын үчтөн эки добушу талап кылынат. Ошондой эле Ветонун жалпы ж-а жекече деген түрлөрү да бар. Биринчиси – мыйзамды, чечимди д. у. с. толугу м-н четке кагуу, экинчиси – айрым бөлүктөрүн же кээ бир статьяларын гана четке кагуу (же аткаруудан баш тартуу) актылары. Вето институту байыркы Римде пайда болгон. Орто кылым доорунда эркин – либерум Вето деген түрү көбүрөөк таралган (17–18-кылымда Польшада сейм чечими бардык депутаттар добуш бергенде гана кабыл алынды деп эсептелген). 2) БУУнун Коопсуздук Советинин туруктуу мүчөлөрүнүн процедуралык эмес маселелер боюнча чечим кабыл алуу учурунда БУУнун уставында каралган бир добуштуулук принциби да Вето укугу деп аталат. 3) Кыргыз Республикасынын Конституциясында да Президенттин Вето укугу каралган. Анда КРдин Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамга Президент макул болбосо, ага Вето коёт да, бир айдын ичинде каршы пикирин билгизип, парламентке жөнөтөт. Аны парламент бир айдын ичинде кароого тийиш. Мыйзам үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добуш м-н кабыл алынса, ага өлкө Президенти кол коюуга мажбур болот.
К. Эсенканов.