ВЗВОД
ВЗВОД – бир нече бөлүкчөдөн (2–4), расчёттон же экипаждан турган аскер бөлүгү. Взвод азыркы армиялардын аскер түрлөрүнүн бардыгында бар (мотоаткычтар, аткычтар, танкалык, чалгындоо, байланыш ж. б.) ж-а ал өзүнөн ирирээк рота, батарея, команда ж. б. бөлүкчөлөрдүн курамына кирет. Взвод түздөн-түз батальондун (дивизиондун) ж-а бөлүктүн курамына да кириши мүмкүн.