ВИАДУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:56, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИАДУ́К (лат. via – жол ж-а duco – алып ба­рам) – терең аң болуп кеткен жолдун кесили­шине, кокту-колотко, капчыгайларда салынган узун көпүрө сымал курулма. Виадук негизинен мате­риалды үнөмдөө үчүн же топуракты бийик кы­лып төгүү техникалык жактан пайдасыз болгондо кол­донулат. Алгачкы Виадук байыркы Римде пайдала­нылган. 19-кылымда кыштан ж-а таштан курула баштаган.