ВИВАЛЬДИ
ВИВА́ЛЬДИ Антонио (4.3.1678‚ Венеция – 27 же 28.7.1741‚ Вена) – италиялык композитор‚ скрипач‚ дирижёр ж-а педагог. Жаштайынан скрипкада мыкты ойноп таанылган. 1703-жылдан педагог‚ кийин оркестр дирижёру ж-а концерттердин директору‚ 1713-жылдан «Пиета» аялдар консерваториясынын директору болгон.

Вивальди өз операларын коюу аркылуу Венеция театр турмушунун гүлдөп-өсүүсүнө көп күч-кубатын сарптаган. 1718–22-жылдарда Мантуядагы аксарайда кызмат өтөгөн‚ калган өмүрүн Италияда‚ башка Европа өлкөлөрүндө концерт берүү м-н өткөргөн. Вивальдинин чыгармачылык мурасы бай: 465 аспаптык концерт‚ ораторияларды‚ кантаталарды‚ 40тан ашуун опера жазган. Ал И. C. Бахтын чыгармачылыгына да таасирин тийгизген. Cкрипкада ойноо техникасын болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн. Аны программалуу симфониянын атасы деп аташкан: белгилүү «Жыл мезгилдери» циклдеринен тышкары «Эңсөө»‚ «Деңиздеги бороон»‚ «Түн»‚ «Фаворит» ж. б. концерттерди жазган. Италиянын Cиена шаарында Антонио Вивальди институту иштейт.