ВИВЕС
ВИ́ВЕС (Vives) Хуан Луис (6. 3. 1492, Валенсия – 6. 5. 1540, Брюгге) – испан философу, гуманисти ж-а педагог. Католикалык Лувен ж-а Оксфорд университеттеринин профессору, латын тилиндеги 60ка жакын эмгектердин автору. Эразм Роттердамский ж-а Томас Мор м-н достук мамиледе болгон. Өзүнүн «Жан жана өмүр жөнүндө» («De anima et vita», 1538) аттуу эмгегинде психология илимине жаңы жол салган. Эң башкы маселе: жан бар экенинде эмес, анын кандайча көрүнүшүндө деген. Айрыкча идеялардын ассоциациясы (өз ара айкалыш байланыштары) м-н жады (эстутум) табияты тууралуу маселелердин үстүндө олуттуу иштерди жүргүзгөн. Ошондуктан Вивес жаңы эмпирикалык психологиянын атасы деп эсептелген. Я. А. Коменскийге ж-а И. Лойоланын педагогикалык теориясына Вивестин таасири тийген. Анын идеялары испан философу Уартенин чыгармачылыгында андан ары өнүктүрүлгөн.
А. Бекбоев, Т. Абдылдабеков.