ВИДЕМАН-ФРАНЦ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ДЕМАН-ФРАНЦ ЗАКОНУ – металлдардын жылуулук ж-а электр өткөрүмдүүлүктөрүнүн өз ара байланышы жөнүндөгү закон. Туруктуу температу­рада металлдардын жылуулук өткөрүмдүүлү­гүнүн (x) электр өткөрүмдүүлүгүнө (s) болгон катышы турактуу чоңдукка (C) барабар, б. а. x/s =C. Бул законду немец физиктери Г. Г. Ви­деман м-н Р. Франц тажрыйба жүзүндө анык­ташкан (1853). Бул катыш абсолюттук температурага түз пропорциялаш экендигин даниялык физик Л. Лоренц далилдеген (1882), б. а. х/s =LТ, мында T – абсолюттук температура, L – бардык металлдар үчүн бирдей туруктуу лоренц саны деп аталат (L = 2,45 · 10 –8 ВтОм/K2).