ГИСТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИСТОЛО́ГИЯ (гр. histjs – ткань ж-а ...логия) – айбанат ж-а кишинин ткандары жөнүндөгү илим. «Гистология» терминин илимге немец илимпозу К. Майер киргизген (1819). Гистология ткань эволюциясын түшүндүрүү, организмдин өсүүсүн (гистогенез), клетка функциясын ж-а ар кыл ткандардагы клеткалардын өз ара байланышын ж. б. изилдейт. Гистология өзүнчө илим катары 19-кылымдын 30-жылдары өөрчүгөн. Ал мезгилде микроскоп өркүндөтүлүп, ткань даярдоо техникасы бир кыйла өнүккөн. 1839-жылы немис биологу Т. Шванн аныктаган клетка теориясы гистология методологиясына негиз болгон. 19-кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдын башында эпителий тканы, ички ткань, булчуӊ тканы, нерв ткандары жөнүндө маалымат алынган. Гистология жалпы ж-а айрым болуп бөлүнөт. Ж а л п ы гистология ар кыл типтеги клеткага таандык өнүгүү процессин, дифференцияга туруктуулугун сактоо механизмин ж-а анын өзгөрүүсүн түшүндүрөт. Жалпы түйүлдүктүн өөрчүшүндөгү ткандын түзүлүү гистогенезин, ошондой эле жаныбар тканынын жаӊырып турушун (жараат, үшүк ж. б.) изилдейт. А й р ы м гистология органдын гистологиялык ж-а клеткалык структурасын, гистохимиялык ж-а гистофизиологиялык өзгөчөлүктөрүн билип, жыйынтыктап, органдын кыймыл-аракетин аныктайт.

Ад.: Епифанова О. И. Гормоны и размножение клеток. М., 1965; Иванов И. Ф., Ковальский П. А. Цитология, гистология, эмбриология. М., 1969.