ВИДЕО-АРТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ДЕО-АРТ (англ. video art) – эксперименттик тажрыйбалык изилдөө нугунда пайда болгон (1960) көркөм искусствонун формаларынын бири. Видео-арттын негизин видеотехника м-н жасалган тажрыйбалар, компьютердик ж-а телекөрсөткүч­түк сүрөттөө түзөт. Чындыкты иллюзия түрүндө берүүнү аныктаган техникалык коддун шарт­туулугу м-н маа­нилүүлүгүн заман­бап видеотехника­ны пайдалануу ж-а ар кандай жолдор м-н тилди анализдөө аркы­луу билсе болот.

Тилди анализдөө (бул жерде массалык коммуникациянын ви­зуалдык каражаттар тили) Видео-артты концеп­туалдык көркөм искусство м-н жакындатат. Бул тармакта Нам Джун Пайк (ал Видео-арттын негиз­дөөчүсү деп эсептелет), Кит Соньет, Уильям Уэг­мен, Клаус Ринке, Брюс Науман, Лес Левин ж. б. сүрөтчүлөр эмгектенишкен.