ВИДЕОЖАЗУУ
ВИДЕОЖАЗУУ (видео... ж-а жазуу) – сүрөттөлүштү, радиолокациялык ж. б. сигналдарды видеомагнитофондун жардамы м-н телевизордун экранынан, компьютердин мониторунан кайрадан көрсөтүү үчүн магнит тасмасына же кинопленкага жазып алуу. Сигналдар дискке термопластикалык ж-а механикалык ыкма м-н жазылат. Телекөрсөтүүдөгү Видеожазуу – даректүү ж-а көркөм программаларды көпкө сактоонун негизги жолдорунун бири. Сигналдарды киноплёнкага жазып, ал плёнканы өңүнө чыгарып, көбөйтүп басып чыгарганга ж-а монтаждаганга караганда видеомагнитофонго Видеожазуу программадагы берүүлөрдү бүтүндөй же анын айрым бөлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Магниттик плёнкадагы жазылган сүрөттөлүштөрдү бир нече жолу өчүрүп, кайрадан жаңы сигналдарды жазууга болот. Видеожазуу спектри телеберүүлөр системасында 50 Гц— 6,5 МГц, фототелеграфтык түзүлүштө 80 Гц— 6 кГц, радиолокациялык системаларда 50 Гц — 10 Мгц.