ВИДЕОКАМЕРА
ВИДЕОКА́МЕРА – сүрөттөлүштөрдү тартып алуучу аппарат.


Ал кассеталуу видеомагнитофон м-н чогуу жасалып, көтөрүп жүрүүгө ылайыкталган. Мында сүрөттөлүштү ж-а үндү жазып алууда эни 12,7 ж-а 8 мм магниттик тасмалар колдонулат. Видеокамерада жаңы жазып алынган сүрөттөлүштү көрүү үчүн электрондуу видеоиздегич болот. Кийинки убактарда санарип фотоаппа раттар пайда болуп, мында кадимки фотоаппарат электрондук видеотехника м-н бириктирилген. Видеокамерада ж-а санарип фотоаппаратта сүрөттөлүштү линза заряддалуучу байланышы бар прибор матрицасына фокус түрүндө багыттайт. Андан соң, сүрөттөлүш видеотасмага, магниттик дискке же компактдискке (санарип фотоаппаратта) жазылат. Видеотасмага жазылган сүрөттөлүштү телевизордон көрүүгө, ал эми сандык фотосүрөттөрдү монитордон көрүп же принтерден чыгарып алса болот.