ВИДЕОФИЛЬМ
ВИДЕОФИ́ЛЬМ – видеомагнит тасмасына жазылган фильм. Телекөрсөтүүдө 1970-жылдарда пайда болгон. Видеофильм жанры ар түрдүү: көркөм, илимий-популярдуу, даректүү-публицистикалык, хроникалуу ж. б. фильмдер. Телеэкрандын келечеги Видеофильмдин өнүгүшүнө байланыштуу. Кинофильмдерге салыштырганда Видеофильм эстетикалык, технологиялык өндүрүш аспектисинде (көп камералуу тартуу ыкмасы, электрондук монтаж, ар түрдүү татаал кадрлар көп кайталанган жазууну пайдалануу үчүн колдонулган магнит плёнкасы ж. б.) айырмачылыктар бар.