ГОМОЛОГИЯ КАТАРЫ
ГОМОЛО́ГИЯ КАТАРЫ – бир же бир нече метилен топтору – СН2 – м-н айырмаланып, химиялык касиеттери окшош, бирдей түзүлүштөгү органикалык бирикмелердин катары. – СН2 – тобу гомологиялык айырма деп аталат. Гомология катары түшүнүгүн 1845-жылы 1-жолу франциялык химик Ш. Жерар сунуш кылган. Молекуладагы көмүртек атому n м-н белгиленип, гомология катарына жалпы формула берилет. Метан СН4, этан С2Н6, пропан С3Н2 ж. б. алкандардын гомология катарынын жалпы формуласы СnН2n+2. Молекуласында бирден кош байланышы бар каныкпаган углеводороддор: этилен С2Н4, пропилен С3Н6 ж. б. алкендердин (СnН2n) гомология катарын түзөт. Бир негиздүү каныккан спирттердин: метанол СН3ОН, этинол С2Н5ОН ж. б. жалпы формуласы СnН2n+1ОН.