ГОМОЛОГИЯ ОРГАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОМОЛО́ГИЯ ОРГАНДАРЫ ГИЯ ГГ – организмдердин келип чыгышы окшош, бирок формасы ж-а аткарган функциялары боюнча айырмаланган органдары. Мындай органдардын сырткы көрүнүшү бири-бирине окшобойт, мисалы, бүчүр түрпүсү, бөрү карагаттын тикени – түрүн өзгөрткөн жалбырак, бирок жалбырактын функциясын аткарбайт, куш м-н жарганаттын канаттары – өзгөргөн алдыӊкы буттары. Ч. Дарвин 1859-жылы өзүнүн табигый тандалуу теориясында гомология органдары организмдердин жалпы теги бирдейлигин көрсөтөрүн айткан, к. Аналогиялуу органдар.