ГРАВИТАЦИЯЛЫК РАДИУС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАВИТАЦИЯЛЫК РА́ДИУС ж а л п ы с а л ы ш т ы р м а л у у л у к т е о р и я с ы н д а – сферадагы айланбаган масса () пайда кылган тартылуу күчү чексизге умтулуучу сфера радиусу. Гравитациялык радиус () нерсенин массасы м-н аныкталат: , мында – гравитациялык турактуулук. Жөнөкөй астрофизикалык объектилердин гравитациялык радиусу алардын өлчөмдөрүнө караганда өтө кичине. Жердики см; Күндүкү км. Нерсени гравитациялык радиус өлчөмүнө чейин кысса, анда алардын тартылуу күчтөрүнүн таасириндеги кысылууну эч кандай сырткы күч токтото албайт. Бул процесс салыштырмалуу (релятивисттик) гравитациялык коллапс (жыйрылуу) деп аталат. Мындай абал массасы өтө чоӊ жарык жылдыздардын өнүгүү эволюциясынын акыркы мезгилинде болот. Гравитациялык коллапста гравитациялык радиустуу сферадан сыртка эч бир жарык, эч бир бөлүкчө чыга албайт, көлөмүндө экинчи космос ылдамдыгы жарыктын ылдамдыгына барабар болууга тийиш. Мындай асман объектилери кара көӊдөй деп аталат.