ГРАДИЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:59, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАДИЕ́НТ (лат. gradiens дегенден, gradientis – кадамдоочу) – 1) м а т е м а т и к а д а, кандайдыр бир функциянын өзгөрүп турган багытын көрсөтүүчү вектор; 2) ф и з и к а д а, берилген φ(ρ) скалярдык талаанын (ρ– мейкиндиктеги чекит) тез өсүүчү багытын көрсөтүүчү g вектору; g=grad φ(p) м-н белгиленет. Мисалы, температура градиенти, басым градиенти, потенциал градиенти. ж. б. Градиент метеорология, океанология ж. б. илимдерде кеӊири колдонулат. «Градиент» терминин англиялык физик Ж. Максвелл киргизген (1873). Ал градиентти grad белгиси м-н белгилөөнү да сунуштаган.