ГРЕБЕЩЕНКО Дмитрий Николаевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page ГРЕБЕЩЕНКО Дмимтрий Николаевич to ГРЕБЕЩЕНКО Дмитрий Николаевич) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕБЕ́ЩЕНКО Дмитрий Николаевич [1905, азыркы Талас облусу, Кара-Буура району, Грозный (азыркы Аманбаев) айылы – 1980, ошол эле жерде] – тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950).

Эмгек жолун Киров районундагы Калинин атындагы колхоздо тамеки өстүрүү боюнча звенонун башчысы болуп иштөөдөн баштаган. Ал жетектеген звено 1949-жылы 10, 6 га жердеги тамекинин ар гектарынан 21, 9 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган.