ГРЕЧИХА
ГРЕЧИ́ХА (Fagopyrum), к а р а к ү р ү ч – гречиха тукумуна кирүүчү бир ж-а көп жылдык өсүмдүк. Анын дүйнөдө 4–5, КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү: эгилме же азык гречиха, татар гречихасы ж-а көп жылдык жарым бадал гречиха белгилүү. Гречихадан ун ж-а акшак тартылат. Данында 10–16 % белок, 60–80 % крахмал, 0,3–0,5 % кант, 2,5–3 % май, 12 – 16 % клечатка, адамга пайдалуу минералдуу туздар (темир, кальций, фосфор, жез, цинк) ж. б. болот. Гречиха топурак жетишерлик жылыганда эгилет. Ал нымдуу, кумдак топуракта жакшы өсөт. Агротехника туура колдонулуп, маалында сугарылса, гречиха гектарынан 20 цге чейин түшүм берет.