«БУРГУНДИЯ ОТЕЛИ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БУРГУН́ДИЯ ОТЕЛИ» (Hotel de Bourgogne) – француздардын драма театры. 1548-жылы Парижде түзүлгөн. Алгач «Бургундия отели» театрында мистериялар, фарстар, оралитеттер көрсөтүлгөн. Кийин трагедия, трагикомедия жана пастораль жанрларына кайрылган. XVII кылымдын 1940-жылдары «Бургундия отели» классицизм багытындагы театр катары П. Корнель жана Ж. Расиндин трагедияларын коёт. 1680-жылы «Бургундия отели», Мольердин труппасы жана «Маре» театрынын труппасы биригип, «Комеди Франсез» театры уюшулган.