ГРОЗНЫЙ КОЮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРО́ЗНЫЙ КОЮ – жүн багытындагы уяӊ жүндүү кой породасы. Дагстан АССРинин асыл тукум совхозунда жергиликтүү меринос коюн австралия мериносу м-н аргындаштырып, улам тандоо жолу м-н чыгарылган (1938–51). Грозный кою какыр талаага байымдуу, дене түзүлүшү чыӊ. Кочкорунун мойнунда 3, соолугунда 1–2 кабат тери бырыштары бар, мүйүздүү. Кочкорунун салмагы 70–90 кг, соолугу 45–50 кг. Ар жүз тубар койдон 120–140 козу алынат. Ар койдон 98,8 кг сүт саалат. Жүнүнүн узундугу 8–13 см, жумшак, коюу, ичкелиги 64–70 сапатта. Кочкорунан 10–15 кг (мыктысынан 25 кг), соолугунан 5,5–7,5 кг (айрымынан 12,5 кг) жүн кыркылат. 45–55% таза жүн алынат. Кочкору башка уяӊ жүндүү породаларды жакшыртуу үчүн пайдаланылат. Грозный кою кыргыз уяӊ жүндүү коюн чыгарууга пайдаланылган. Россияда (Калмакия, Дагстан, Ставрополь крайы, Астрахань облусу) асыралат.