«ГОЛУБАЯ РОЗА»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ГОЛУБА́Я РО́ЗА» – орус сүрөтчүлөрүнүн көркөм бирикмеси. Аты окшош көргөзмөдөн (1907, Москва, «Золотое руно» журналы уюштурган) аталышын алган. «Голубая розанын» чыгармачыл мүчөлөрүнө (Н. Н. Сапунов, С. Ю. Судейкин, А. В. Фонвизин жана башкалар) ачык колориттеги декоративдүү композициялар, боёктордун күӊүрт айкалышы таандык. «Голубая розанын» кээ бир мүчөлөрү (Н. П. Крымов, П. В. Кузнецов, А. Т. Матвеев, М. С. Сарьян ж. б.) көркөм сүрөт искусствосунун чоӊ чеберлери болушкан.