«ГРАНД-ОПЕРА»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ГРАНД-ОПЕРА́» (Grand Opera) (расмий аталышы – Музыка менен бийдин улуттук академиясы) – Париждеги мамлекеттик опера театры, Европадагы эӊ ири академиялык опера театрларынын бири. 1669-жылы негизделген. XVII–XIX кылымдарда түрдүү имараттарда иштеген, 1875-жылы жаӊы театр имаратына (архитектору Ш. Гранье) ээ болгон. Ошол жылдан бери азыркы атында. «Гранд-Опера» француз улуттук операсынын түрдүү жанрда (лирикалык трагедия, опера-балет, чоӊ опера жана башка) өнүгүүсүнө шарт түздү, анда көрүнүктүү аткаруучулар, артисттер өнөр көрсөтүп турушат.

Париж – Гранд-Опера.