ВИКТОРИЯ (Сейшель Аралдары мамлекетинин борбору)
ВИКТО́РИЯ 2 – Сейшель Аралдары мамлекетинин борбору. Калкы 22,6 миң (2006). Маэ аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан. Инди океанынын жээгиндеги порт (копра, кокос ж-а эфир майлары, ванил, корица, балык экспорттолот). Эл аралык аэропорту бар. 1778-жылы Порт-Руаяль деген ат м-н негизделип, 1841-жылы королева Викториянын урматына аталган. 1903–76-жылдарда англиялык колониянын административдик борбору, 1976-жылдан көз каранды эмес Сейшель Аралдары Республикасынын борбору. Саат мунарасы (1903; Лондондогу Биг-Бен сааты м-н Ыйык Стефан мунарасынын көчүрмөсү), собор, политехникалык институт (1983), улуттук китепкана (1910) ж-а музей (1964) бар. Ботаникалык бак (1901), орхидея гүлдөрү бакчасы уюшулган. Шаардын экономикасынын негизин чет элдик туризм ж-а балыкчылык түзөт. Тамак-аш (анын ичинде балык беленделет, пиво кайнатылат), тамеки, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Викторияга жакын улуттук Ыйык Анна деңиз паркы жайгашкан.