ВИКТОРИЯ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:18, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Removed redirect to ВИКТОРИЯ (Сейшель Аралдары мамлекети­нин борбору)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКТО́РИЯ – Сейшель Аралдары мамлекети­нин борбору. Калкы 22,6 миң (2006). Маэ аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан. Инди океанынын жээгиндеги порт (копра, кокос ж-а эфир майла­ры, ванил, корица, балык экспорттолот). Эл а­ралык аэропорту бар. 1778-жылы Порт-Руаяль де­ген ат м-н негизделип, 1841-жылы королева Викто­риянын урматына аталган. 1903–76-жылдарда англиялык колониянын административдик борбору, 1976-жылдан көз ка­ранды эмес Сейшель Аралдары Республикасынын борбо­ру. Саат мунарасы (1903; Лондондогу Биг-Бен сааты м-н Ыйык Стефан мунарасынын көчүр­мөсү), собор, политехникалык институт (1983), улуттук ки­тепкана (1910) ж-а музей (1964) бар. Ботаникалык бак (1901), орхидея гүлдөрү бакчасы уюшулган. Шаардын экономикасынын негизин чет элдик туризм ж-а балыкчылык түзөт. Тамак-аш (анын ичинде балык беленделет, пиво кайнатылат), тамеки, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт. Кустар­дык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Викторияга жакын улут­тук Ыйык Анна деңиз паркы жайгашкан.