ВИАДУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИАДУ́К (латынча via – жол жана duco – алып ба­рам) – терең аң болуп кеткен жолдун кесили­шине, кокту-колотко, капчыгайларда салынган узун көпүрө сымал курулма. Виадук негизинен мате­риалды үнөмдөө үчүн же топуракты бийик кы­лып төгүү техникалык жактан пайдасыз болгондо кол­донулат. Алгачкы Виадук байыркы Римде пайдала­нылган. XIX кылымда кыштан жана таштан курула баштаган.

Римдеги эң эски виадук.
Франциядагы заманбап Мийо виадугу.