ВИДЕО-АРТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:45, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ДЕО-АРТ (англис тилинен video art) – эксперименттик тажрыйбалык изилдөө нугунда пайда болгон (1960) көркөм искусствонун формаларынын бири. Видео-арттын негизин видеотехника менен жасалган тажрыйбалар, компьютердик жана телекөрсөткүч­түк сүрөттөө түзөт. Чындыкты иллюзия түрүндө берүүнү аныктаган техникалык коддун шарт­туулугу менен маа­нилүүлүгүн заман­бап видеотехника­ны пайдалануу жана ар кандай жолдор менен тилди анализдөө аркы­луу билсе болот.

Тилди анализдөө (бул жерде массалык коммуникациянын ви­зуалдык каражаттар тили) Видео-артты концеп­туалдык көркөм искусство менен жакындатат. Бул тармакта Нам Джун Пайк (ал Видео-арттын негиз­дөөчүсү деп эсептелет), Кит Соньет, Уильям Уэг­мен, Клаус Ринке, Брюс Науман, Лес Левин жана башка сүрөтчүлөр эмгектенишкен.