ВИНЬЕТКА
ВИНЬЕ́ТКА (фр. vignette – жүзүмдүн сабагы, жалбырагы) – китептин же колжазма текстинин (главанын, бөлүмдүн д. у. с.) башында же аягында кооздоп тартылган чакан сүрөт. Эреже катары, Виньетка өзүнүн мазмуну боюнча текст м-н бирдикте улуттук оймо-чиймени чагылдыруу аркылуу жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү көрсөтүп турат.