ВИОЛОНЧЕЛЬ
ВИОЛОНЧЕ́ЛЬ (итал. violencello – кичирейтүү, violonе – контрабас) – скрипка түркүмүнө кирген бас-тенор регистриндеги жаалуу тартма, 4 кылдуу музыкалык аспап. Жалпы узундугу 1550–1560 мм, турпатынын узундугу 760 мм. Кылдары квинтага күүлөнөт.

Диапазону 5 октавага жетет. Ансамблде, оркестрде (айрыкча симфониялык оркестрде 12ге чейин) ж-а жеке номерлерди аткарууга колдонулат. 16-кылымдын башында пайда болгон. 17–18-кылымда италиялык усталар А. Амати, Ж. Гварнери, орус усталары И. А. Батов, Е. Ф. Витачек, Т. Ф. Подгорный ж. б. Виолончелдин мыкты үлгүлөрүн жасашкан. Композиторлор И. С. Бах, Л. Бетховен, Э. Григ, Ф. Шопен, П. И. Чайковский, Д. Д. Шостакович ж. б. Виолончель үчүн концерттерди, сюиталарды, сонаталарды жазышкан.