ВИТРАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТРА́Ж (французча vitrage, лат. vitrum – айнек) – орнаменттүү же сюжеттүү жасалга композиция­сы. Ал түрдүү түстөгү айнектерден же жарык өткөргүч материалдардан жасалып, терезе, эшик жана башка бош жерлерге жана өзүнчө панно түрүндө орнотулат. Курулуш практикасында имарат маңдайынын туташ айнектелиши Витраж деп аталат.

М. Шагал. «Моисей, Давид жана Иеремия». Мецеде­ги Сент-Этьенн соборундагы витраж. 1960.


XIII–XIV кылымда готика соборлорунда майда жана ар түрдүү формадагы коргошун менен бири бирине бекитилген Витраждар коюлган. XX кылымда кум бүрккүч аппараттардын жардамы менен иштетүү, ойдуруу, гравирлөө ыгы Витраж жасоо практикасына кеңири кирди. Архитектуранын өнүгүшү Витраждын көркөм жана жаңыча чечилишине мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Ад.: Минухин Е. Витражи. Рига, 1959.