ВИЦИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЦИН Георгий Михайлович (23.4.1918, Пет­роград – 22.10.2001, Москва) – орус актёру, СССР эл артисти. (1990). Вахтангов атындагы театр окуу жа­йында, МХАТтын алдындагы студияда окуган.

«Кавказ тутку­ну» фильминде. 1967.


Г. М . Вицин 1937-жылдан Ермолова атындагы театрда, 1969-жыл­дан Кино актёрлор театр-студиясында иштеген. Вицин – комедиялык жана курч мүнөздөгү актёр. 1945-жылдан киного тартылган. «Көлөкө», «Жа­зындагы жомок» (экөө тең 1972-жылы) телефильм­деринде чебер ойногон. Режиссёр Л. И. Гайдайдын «Эң олуттуу» (1961), «Самогончулар» (1962), «Операция “Ы” жана Шуриктин башка жорук­тары» (1965), «Кавказ туткуну» (1967) киноко­медиясында коркоктун образын өтө чыгармачылык менен түзгөн. Кинодогу башка ролдору: Н. В. Го­голь («Композитор Глинка», 1952; «Белинский», 1953), Эндрю сэр («Он экинчи түн», 1955), Кар­расио («Дон Кихот», 1957), Сэм («Ишкер адам­дар», 1963), Бальзаминов («Бальзаминовдун үйлөнүүсү», 1965), Хмырь («Жолдуу сыпайы», 1972), Сахар («Көк чымчык», 1976, советтик-америкалык), Тахво Кекконен («Ширеңке издеп», 1980, советтик-финдик), Фонди-Монди («Колуңду көтөр!», 1981) жана башка 80ден ашуун анимациялык фильмдерге үн кошкон. А. Пазылов.