ВИРУС
ВИ́РУС (Computer virus) к о м п ь ю т е р д е – башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компьютердик программа. Вирус программасы контакт болгон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат ж-а өзүн андан ары таркатат. Вирус дискет, модем же байланыш тармагы боюнча башка компьютерден кирет. Эгер Вирус кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрылса, анда ал башка системага таралат. Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы Вирустар пайда болуп, айрымдары кеңири колдонулуучу программаларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат ж-а бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан капысынан таасир эте баштайт. Вирус компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), интернеттин пайда болушу Вирустун таралышын өзгөчө жеңилдетти. Вирустардын негизги 4 тиби (жүктөлүүчү сектор Вирусу, файл Вирусу, троян Вирусу ж-а макро Вирустар) бар. Жүктөлүүчү сектор Вирусу компьютер системасын иштетүүчү баштапкы жүктөө программасына кирет. Вирус кирген программа иштетилгенде андагы Вирус компьютердин эсине жазылып калып, компьютердеги флоппи дисктердин ар бирине көчүрүлүп жазыла берет. Троян (грек мифи) Вирусу кадимки программага окшош, ал программанын ичинде жашыруун түрдө кирип алат. Текстти иштетүү сыяктуу колдонмолордо пайдаланылган макро-буйруктарда Вирус коддору жашырынып калат. Макро-буйруктардан киргизип алган Вирустуу документ ачылганда Вирус эске жүктөлөт ж-а андан башка программаларга кирет. Көп учурда макро Вирустар шаблондун бөлүгү түрүндө иштелет ж-а түзүлүп жаткан документ шаблонду (үлгү) колдонгон сайын кирет. Айрым Вирустар жөн гана компьютердик системага убактылуу кирип, үн же текст түрүндө кабар чыгарат. Мисалы, Грин курту аттуу Вирус экрандан жашыл куртту көрсөтөт. «Тире» деп аталган Вирус башка Вирустардай өзгө программаларга өзүн көчүрбөстөн, жөн гана эске же дискке өзүн көп ирет көчүрө берип, эсти же дискти толтуруп коёт. Эсте же дискте орун калбай калганда компьютер иштешин токтотот. Вирусту атайы таркатуу көп өлкөдө чыккынчылык катары эсептелет. Компьютердик тармакка туташтырылбаган ж-а башка компьютер м-н маалымат алмашуу жүргүзүлбөгөн компьютерге Вирус кирбейт. Вирустун улам жаңы түрү пайда болуп тургандыктан, антивирус программасы да мезгили м-н жаңыланып турушу зарыл. Белгилүү антивирус программалары: AIDSTEST, DRWEB, ADINF, WEBVAMP ж. б.
А. С. Өмүралиев.