ВОДЕВИЛЬ
ВОДЕВИ́ЛЬ (французча vaudeville) – кызыктуу, күлкүлүү интриганын айланасында түзүлгөн, диалогдон, бий, романстан турган, музыканын коштоосунда ойнолуучу пьесалык жанр. «Водевиль» деген аталыш XV кылымда Нормандияда Вир дарыясынын (Van de Vire) атынан келип чыккан. XVIII кылымдын башында «Водевилдер» – ыр-куплеттер кайырма менен кайталанып, ярмарка театрларынын пьесаларына кирген. Францияда пайда болуп, XIX кылымдын башында бүткүл Европага таралган. Театр жанры катары Водевиль Францияда калыптанган (1789– 1794). Драматургдар П. А. Пиису ж-а П. И. Барре Парижде атайын «Водевиль» (1792) театрын ачышкан; андан кийин «Трубадурлар театры», «Монтансье театры» пайда болгон. Эң алгачкы Водевилдер мазмуну, кейипкерлери балагандык буффонада аркылуу пантомима менен коштолгон («Арлекин – афиша жабыштыруучу», 1772; «Арлекин – тигүүчү», 1793, жана башкалар). Көрүнүктүү оюн-зоок чебери француз Э. Скриб 150дөн ашык Водевилдиди өзү жана башка авторлор менен бирге жазган («Улуттук гвардиянын казармасындагы түн», 1815; «Жаңы Пурсоньяк», 1817; «Аюу жана паша», 1820; «Секретарь жана ашпоз», 1821; «Шарлатандык», 1825; «Жаш жубайлардын бюджети», 1825, жана башкалар). Водевиль Россияда комедиялык операнын негизинде жанр катары XIX кылымдын башында пайда болгон. Эң биринчи Водевилдин автору А. С. Грибоедов («Өзүңдүн үй-бүлөң, же күйөөлүү колукту», «Ким ага-ини, ким эже-сиңди же жалгандын артынан жалган», 1823) болгон. Курч социалдык сатира катары Чеховдун «Үйлөнүү той» пьесасын Е. Б. Вахтангов МХТnин 3-студиясында (1920) койгон. Советтик мезгилдеги Водевилдин чебери драматург В. Шкваркиндин «Бөтөн бала» комедиясын (1933) Москва сатира театры көп мамлекеттердин театр сахналарында көрсөткөн. В. КЭР, Польша, Швеция жана башка мамлекеттердин театрларынын репертуарынан да орун алган.



К. Зарлыкова.