ВОЛЖАНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:11, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЖА́НСКИЙ Владимир Александрович (30. 5. 1917, Иваново-Вознесенск – 3. 10. 1983, Моск­ва) – цирк артисти, режиссёр, СССР эл артисти (1979). Дарчылар династиясынын негиз салуучусу

Дарчы Волжанскийлер.

. Цирк аппараттарынын конструктору. 1933-жыл. Цирк искусствосу техникумун бүтүргөн. 1933-жылы бир туу­ганы Николай Александрович Волжанский (30. 12. 1913, Иваново-Вознесенск – 1. 9. 1990, Моск­ва) менен бирге Союздук мамлекеттик циркте «Акро­баттар вольтижёрлор» номери менен иштей башта­ган. 1944-жылы цирк искусствосунун 2-Бүт­күл союздук кон­курсуна Волжанский. өзүнүн жасаган аппарат­тары менен эквилиб­ристика соло номе­рин даярдаган. 1950-жылдарда цирк жанрынын реформатору катары аркан аркылуу басып чыккан. Волжанский «Жантык канат» (1950), «Жылдыздар дүйнөсү» (1959), «Жылдыздуу дарчылар» (1967) аттуу жаңы но­мерлер менен трюктардын жаратуучусу. Волжанский – ат­каруучу, режиссёр жана аттракцион аппаратта­рынын түзүүчүсү. 1977-жылы Москвадагы Вернадск проспектиндеги Циркте «Прометей» пантомима­сынын премьерасы болгон (Волжанский.– сценарист, ре­жиссёр, аттракциондун конструктору; СССР мамлекеттик. сыйлыктын 1978). Волжанский өлгөндөн кийин кызы Марианна Владимировна Волжанская (6. 3. 1938, Москва; РСФСРдин эмгек сиңирген артисти, 1982) «Про­метей» аттракционун жетектеген. 1997-жылы Ива­ново шаарындагы циркке ысмы берилген.

Ад.: Ганина М. Канатоходцы Волжанские. М., 1969.