ВИРУСОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:25, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИРУСОЛО́ГИЯ (лат. virus – уу ж-а ...логия) – вирустар ж-а вирус оорулары жөнүндөгү илим. Вирусология 19-кылымдын аягында микробиологиядан өзүнчө илим катары бөлүнүп чыккан. Вирус оорулары өсүмдүк, жаныбар ж-а кишиде кеңири тарал­гандыктан, Вирусология медицина ж-а биология илимде­ринде маанилүү орунду ээлейт. Ал жалпы, медициналык, ветеринариялык, өсүмдүк ж-а жаныбарлардын Вирусологиясы ж-а молекулалык биология болуп бөлүнөт. Жалпы Вирусология вирус­тардын табиятын, молекулалык түзүлүшүн, тиричили­гин, көбөйүшүн, таралуусун, биохимиялык касиетте­рин, генетикасын, кишиге, айбанат ж-а өсүмдүк дүйнөсүнө тийгизген зыянын, пайдасын ж. б. изилдейт. Медициналык Вирусология оору козгоочу вирустарды, алар пайда кылган оорулардын алдын алуу, ди­агноз коюу ж-а дарылоо чараларын иштеп чы­гат. Кыргызстанда Вирусологиялык изилдөөлөр КР УИАнын биотехнология институтунда ж-а КРдин саламат­тык сактоо министрлигинин микробиология, эпидемиология ж-а гигиена илим-изилдөө институтунда жүргүзүлөт.