ВИШНЕВСКИЙ Александр Васильевич
ВИШНЕ́ВСКИЙ Александр Васильевич [23.8 (4.9).1874, Дагстан, Чирьюрт айылы – 13.11.1948, Москва] — советтик хирург, СССР МИАнын анык мүчөсү (1947), РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1934). Казан университетинин медицина факультетин бүткөн (1899). Казандагы госпиталдык хирургия (1914— 25) ж-а факультеттик хирургия клиникасынын башчысы (1926—34). СССР МИАнын хирургия институтунун директору (1947). Ушул институтка 1948-жылы Вишневскийдин ысмы коюлган. Вишневский операция убагында ооруганды сездирбей турган новокаинди колдонуу ж-а майлуу бальзамды (Вишневский майы) сыйпап таңуу методун сунуш кылган. Бул метод антисептикалык дары катары гана эмес, нерв системасына таасир эткендиктен, ткандардын сезгенишин (гангрена, трофикалык жара, тромбофлебит, чыйкан, ириң толгон шишикти) дарылоодо да жакшы натыйжа берет. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1942). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.