ВИТАМИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:56, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТАМИНДЕР (лат. vita – тиричилик) – орга­низмдеги нормалдуу зат алмашууда ж-а тири­чилик аракетинде чоң мааниси бар биологиялык ак­тивдүү заттар; тамактануунун алмаштыргыс фактору. «Витаминдер» терминин поляк окумуштуусу К. Функ 1912-жылы сунуштаган. Витаминдердин көбү фер­менттердин негизги курамына кирип, зат алма­шууну жөнгө салат, денеде болуучу химиялык реак­цияларды күчөтөт, ошондой эле ферменттердин пайда болушуна ж-а алардын функциясына катышат. Дененин тамак заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клеткалардын өсүшүнө ж-а бүтүндөй орга­низмдин өрчүшүнө түрткү берет. Адам сапаттуу ж-а түрдүүлөп тамактанганда Витаминдерди тамак-аш м-н эле жетиштүү кабыл алат. Алардын кээ бири ичегидеги пайдалуу микроорганизмдердин тири­чилигинде синтезделет, бирок алар организмдин муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир азыктарда витаминдер жетишсиз болот. Ошондук­тан бир өңчөй, витаминдери аз тамак-аш м-н тамактануу, ошондой эле организм витаминдерди өздөштүрө албай калгандан анын жетишсиздиги (гипо­ ж-а авитаминоздор) пайда болот. Витаминдерди өтө көп кабыл алуу гипервитаминоз оорусуна алып келет. Организмдин витаминдерди кабыл алуусу анын физиологиялык абалына жараша болот. Дененин өсүү учурунда, кош бойлуу ж-а эмчек эмизген убак­та, оору абалда ж-а оорудан кийин, кара жу­муш же акыл эмгеги м-н көп иштегенде ж. б. учурда витаминдер көп өлчөмдө талап кылынат. Орга­низм карыганда витаминдерди өздөштүрүү начарлайт. Витаминдердин 30га жакын түрү белгилүү. Алардын химиялык түзүлүшүн, физиологиялык таасирин изилдөө м-н ай­рым витаминдерди синтездеп алууга мүмкүн болду. Өнөр­ жайда витаминдүү дарылар ж-а витаминделген тамак-аш продуктулары чыгарылат. Мал чар­басында да витаминдердин мааниси чоң, тоютта вита­мин жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабай, кунардуу келип, андан алынган азык-түлүктүн сапаты жогорулайт А с к о р б и н к и с л о т а с ы (С витамини) өсүмдүктөрдө (айрыкча жашылча ж-а жемиште) ж-а көпчүлүк жаныбарларда (при­маттар, деңиз чочкосу ж-а кишиден башка) син­тезделет. Ал организмдеги окистенүү-калыбы­на келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алма­шууда мааниси чоң. Организмдин жакшы же­тилүүсүнө түрткү болот, чөйрө шартына турук­туулугун жогорулатат. Ал жемиште, жашыл­чада, мөмөдө, айрыкча ит мурун м-н чычырка­нак ашында, кызыл калемпирде, апельсин, лимондо көп. Анын жетишсиздиги цинга оору­суна алып келет. Т и а м и н – В1 витаминин өсүмдүктөр ж-а кээ бир микроорганизмдер син­тездешет. Организмдеги углевод алмашууга ка­тышат. Ал ачыткыда, айрыкча кургак пиво ачыткычы м-н нан квасында көп. В1 витамини чанактуу ж-а дан өсүмдүктөрүндө, акшакта (ка­ра күрүч, сулу акшагы) арбын. Р и б о ф л а ­в и н (В2 витамини), микроорганизмдер ж-а өсүмдүктөр синтездешет, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Организмдин өсүүсүнө таасир тийгизет, өсүү фактору болуп эсептелет. Белок, май, углевод алмашууга катышат. Жа­ранын айыгышына түрткү берет, борбордук нерв сис­темасынын абалын жөнгө салат, көздүн тунук челиндеги, чечекейдеги ж-а тор кабыкчасында­гы зат алмашуу процессине таасир этип, жа­рык көрүүнү ж-а түс ажыратууну камсыз кы­лат. Ал жумурткада, этте, боордо, жер жаңгак, соя, буурчакта, айрыкча ачыткы м-н сүттө көп болот. Н и к о т и н к и с л о т а с ы (РР витамини) көпчүлүк жаныбарлардын ичеги микрофлорасы синтездейт, клетканын дем алуусуна, белок ал­машууга катышат, карындын маңыз бөлүү ж-а жыйрылуу функциясын жөнгө салат, уйку бе­зинин маңыз бөлүүсүн жакшыртат, боор ишин оңойт. Бул витамин боор, бөйрөк, ачыткы, эт, сүт, ошондой эле буурчак өсүмдүктөрүндө, буудай унун­да, кара күрүчтө, козу карында көп. П и р и д о к с и н (В6 витамини), ичеги бактериялары синтездейт. Ал белоктун негизин түзүүчү амин кислота­ларынын алмашуусуна катышат, белок ж-а майдын сиңишин камсыз кылат, зат алмашуу­да мааниси чоң. В6 витаминин өсүп жаткан бала организми, боюнда бар аялдар, түндүктө жа­шаган элдер көп талап кылат. П а н т о т е н к и с л о т а с ы (В5 витамини), жалпы өсүмдүктөр, микроорганизмдер, анын ичинде ичеги микрофлорасы синтездейт. Анын зат алмашуу процессинде мааниси чоң. Табиятта кеңири таралган. Ал нерв системасына ж-а бөйрөк үстүндөгү без м-н калкан сымал бездин ишине таасир этет. Ц и а н о к о б а л а м и н (В12 витамини) микрооргаизмдер синтездейт. Биологиялык өтө активдүү зат. Бул витамин бардык жаныбарга керек. Ал метио­нин, нуклеин кислоталарынын синтезине, кан пай­да болуу процессине ж. б. катышат, ошондо и колдонулат. Р е т и н о л (А витамини) табиятта кеңири таралган, деңиз балыктары ж. б. жаныбарлар­дын боорунда көп. Ал көрүү пигментинин пай­да болушуна катышат, организмдин нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Өсүмдүк азыктарында провитамин – каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноиддерге сабиз, томат, кызыл калемпир, көк пияз, козу кулак, салат, ит му­рун, чычырканак, четин ж. б. мөмөлөрү бай. К а л ь ц и ф е р о л (Д витамини) организмде кальций ж-а фосфор зат алмашууга, сөөк пай­да кылууга катышат. Эргокальциферол ж-а хо­лекальциферол түрүндө болот. Биринчиси син­тез жолу м-н алынат, экинчисин киши ж-а жаныбар организми күн нурунун таасири м-н пайда кылат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар ж-а бала эмизген аялдарга көп ке­рек. Треска ж. б. балыктын боорунда көп болот. Т о к о ф е р о л д о р (Е витамини) 7 витаминден турган топ; өсүмдүктөр синтездейт, киши ж-а жаныбар тамак-аш, тоют м-н алат. Ал булчуңдардын иштешин ж-а жыныс безде­ринин ишин күчөтөт. Ф и л л о х и н о н (К1 витамини) – кан уюу процессинде катышуучу маанилүү фактор. Анын жетишсиздиги ар кан­дай органдардан (мурун, бүйлө, ичеги-карын) кан агууга, тукумсуздукка, булчуң дистрофиясына, анемияга (аз кандуулукка), балдардын көрүү­сүнүн бузулушуна алып келет (к. Авитаминоз). К1 витамини өсүмдүктүн жашыл бөлүгүндө (шпинат, капуста, чалкан ж. б.), ошондой эле сабиз, то­матта болот. Медицинада синтез жолу м-н алынган түрү – викасол ж-а синкавит колдо­нулат.

Ад.: Романовский В. Е. Витамины и витаминоте­рапия. Ростов-на-Дону, 2000; Спиричев В. Б. Вита­мины, витаминоподобные и минеральные вещества. М., 2004.

Б. Бегалиева, Д. Акматова.