ВОИНОВ Александр Хусаинович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ИНОВ Александр Хусаинович (20.4.1961-ж. т., Тажикстан, Ленинабад ш.) – КРдин эмгек си­ңирген машыктыргычы (кикбоксинг), СССР спортунун чебери (Дзюдо – 1989; ушу-саньда – 1990), кикбоксинг (ушу­саньда) б-ча дүйнөнүн про­фессионалдар арасында чем­пиону (1992). Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия институтун

(1966) ж-а И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекекттик университетин (2003) бүтүргөн. Эмгек жолун Ысык - Ата районунун жаштар спорт мек­тебинин дзюдо боюнча машык­тыргычы болуп баштаган. 1989-ж. Ысык-Ата районунун спорт омитетитинин төр агасы, 1991-ж. Бишкек шарындагы чыгыш күрөш боюнча мектептин жетекчиси, 1993-жылдан КРдин кикбоксинг боюнча улуттук командасын жетектейт. Ушул эле жылы про­фессионалдык «Гермес-профи» спорт клубун ачып, Бүткүл Азия кикбоксинг ассоциациясы­нын президенти болуп дайындалган. Ал КРдин Олимпия комитетинин вице-президенти (2006), Кыр­гыз Республикасынын президентинин денет арбия ж-а спорт иштери боюнча кеңешчиси (2007). Воинов бир нече спорт чеберлерин (Ш. Шабанов, Ж. Амантаев, А. Ибраев, Б. Борбашев, И. Мамбетов, Р. Аба­сов, К. Сыдыгалиев, А. Порсуков ж. б.) даярда­ган. Даңк медалы (1999) ж-а Данакер ордени (2006) м-н сыйланган.

Б. Үсөнканов.