ВОЛЬТ-АМПЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЬТ-АМПЕ́Р (В .А же V . A) – өзгөрмө ток­тун толук кубаттуулугунун бирдиги. Вольт-Ампер электр тизмесиндеги ампер аркылуу туюнтул­ган ток күчүнүн анын кыпчыткычтарындагы чыңалууга болгон көбөйтүндүсү м-н аныкталып, өзгөрмө ток үчүн арналган амперметр ж-а вольт­метр м-н ченелет. Толук кубаттуулук жөнүнедөгү түшүнүк электр тизмегинин активдүү (U I cosφ) ж-а реактивдүү (U I sinφ) кубаттуулугун айыр­малоо үчүн киргизилген. Мында φ – ток м-н чы­ңалуунун ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. В. м-н туюнтулган толук кубаттуулук өзгөрмө ток машинасын ж-а трансформаторло­рун мүнөздөөчү негизги чоңдуктардын бири.