ВЛАДИМИР МОНОМАХ
ВЛАДИ́МИР МОНОМА́Х (1053– 19.5.1125, Киевге жакын) – Киевдин улуу князы (1113–25), мамлекеттик ишмер, кол башчы ж-а жазуучу. Байыркы кыпчактарга (половецтерге) каршы орус княздарын баш коштурууга аракеттенген. 1103– 1107, 1111-жылдарда кыпчактарга каршы жортуулдун башында турган. 1113-жылы Киев князы наамын алып, эл көтөрүлүшүн баскан. Бирок мыйзам чыгаруу жолу м-н калктын төмөнкү катмарынын абалын жеңилдетүүгө аргасыз болгон. «Насаат» («Поучение») аттуу эмгегинде феодалдар м-н дыйкандарды таттуулашууга чакырган. Владимир Мономах княздык кылган жылдарда Киев Русу күчтөнгөн. Ал Байыркы Русь мамлекетинин 3/4 бөлүгүн бириктирген.