БАЗАРЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРЛЫК - базарга барган адам өзү сыйлаган адамына белек катары сатып келген буюм. Мурда кыргыздар шаарга жакын болбогон­дуктан айда, жылда 1-2 жолу гана базарга барган. Базарга барып келүүгө кудурети жоктор бар­чуларды кулактап, мал, акча беришип, ке­ректүүлөрүн ала келүүнү өтүнгөн. Базарга ба­руу оңой-олтоң иш болбой, ага аттуу, малдуу, сооданы билген тың кишилер гана барган. Мына ушундай сыймыктуу иштен Б. алып келүү салты пайда болгон.