БАЗАРОВ Геннадий
БАЗАРОВ 1 Геннадий Садырович (14. 5. 1942-ж. т., Нарын обл., Атбашы р-ну, Атбашы айылы) - кинорежиссёр, сценарист, КРдин эл арт. (1991), КРдин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1974). 1966-ж. Москвадагы Бүткүл союздук мамл. кинематография ин-тун бүткөн. Эмгек жолун 1959-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 1967-ж. «Саманчы жолу» фильмин дипломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи» (Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дядюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жантөшевдин романы б-ча), «Айың» (1989), «Ано малия» (1991), «Карагыз» (2005) ж. б. көркөм фильмдерди ж-а «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Искусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыңгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новеллаларды, даректүү фильмдерди ж. б. тарткан. Мад-т ж-а иск-вонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтеми-

ров, А. Темирова, Г. Ажыбекова ж. б. ж-дө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыркы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясында иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барат. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.