БАЗЕДОВ ООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗЕДОВ ООРУСУ (ооруну алгач баяндаган немис врачы К. Базедовдун атынан), д и ф ф уз и я л ы к у у л а н д ы р у у ч у б о г о к, т ир о т о к с и к о з - калкан сымал бездин иши күчөп, канга гормонду көп бөлүп чыгарышы­нан болуучу оору. Мында бездин көлөмү чо­ңоёт; көбүнчө аялдар ооруйт. Психикалык жактан жабыркоо, жугуштуу оорулар, аялдын ички секреция бездеринин функциясынын өзгөрүшү
ж. б. түрткү болот. Мында калкан безинин гор­мондору канга көп келип, зат алмашууну бу­зат. Оорулуу ачуулуу болуп, жүрөгү тез-тез со­гот, жүрөк тушу ооруйт, кара жумуш жасаган­да деми кыстыгат, уйкусу качат, тер басат, иче­ги-карындын иштеши начарлайт. Көзү тостоюп (экзофтальм), жалтырап турат. Оору көпкө со­зулат, күчөгөндө оорулуу арыктайт, жүрөк, боор, жыныс бездери жабыркайт. Нерв-психикалык жактан көп чарчоо ж.б. ооруну күчөтөт. Дары­лоодо калкан сымал бездин ишин калыбына келтирүүчү, нерв системасын тынчтандыруучу дарылар берилет. Оорулуу өтө чарчабай, тынч жерде эс алып, 7 сааттан кем эмес уктоосу ке­рек. Жакшы тамактанып, таза абада болуу су­нуш кылынат. Ичкилик ичүүгө, тамеки тартуу­га болбойт. Керек учурда өз убагында хирургия­лык дарылоо ооруну толук айыктырат. М. Г. Кенжаев.