БАЗИЛИК
БАЗИЛИК (Осітит) - өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал же чала бадал. Тропик ж-а субтропик алкактарда 150гө жакын жапайы түрү кездешет. Мелүүн климаттуу аймакта эфир майын алуу үчүн айрым түрү өстүрүлөт. Грузия, Краснодар крайында эвгенол Б. тоют өсүмдүгү катары эгилет. Анда эфир майы, эвгенол болот. Майы м-н эвгенол парфюмерия ж-а тамак-аш өнөржайында, ванилин препаратын чыгаруу үчүн медицинада колдонулат. Б. катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жерсемирткичтер м-н азыктандырылат. Жашыл массасы чанагы саргайып, уругу быша баштаганда жыйналат. Огород Б. негизинен КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө өстүрүлүп, тамак-ашка татымал катары кондитер өнөржайында ж-а ликёр чыгарууда пайдаланылат.