БАИРИКИ
БАИРИКИ — Кирибати мамлекетинин борбор шаары (1979). Баирики а-нда, Тарава атоллунун (Гилберт аралдар тобуна кирет) түш. бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 44,4 миң (2005). Британия протекторатынын адм. борбору катары 1895-ж. Гилберт ж-а Эллис а-нда негизделген. 1979-жылдан көзкаранды эмес мамлекеттин борбору. Ун-т (Түш.-Тынч океан ун-тинин филиалы, 1973), улуттук китепкана (1979), шаардан 8 км түн.-батышта ири деңиз порту ж-а кеме ремонттоочу жайлар (Бетио а-нда) бар. Кокос жаңгагын ж-а балык соода борбору. Япон согуш базасынын калдыктары (согуш техникасы, мемориал багы, синтоизм храмы ж-а көрүстөндөр) сакталган. Б-ден 16 км чыгышта өлкөнүн маданий борбору (а. и. акуланын тиши м-н кооздолгон кылычтар, кокос жаңгагынан жасалган буюмдар сатылат) жайгашкан. Шаардан 20 км чыгышта эларалык аэропорт бар.