БАИРИКИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАИРИКИ — Кирибати мамлекетинин борбор шаары (1979). Баирики а-нда, Тарава атол­лунун (Гилберт аралдар тобуна кирет) түш. бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 44,4 миң (2005). Британия протекторатынын адм. борбору катары 1895-ж. Гилберт ж-а Эллис а-нда негиз­делген. 1979-жылдан көзкаранды эмес мамле­кеттин борбору. Ун-т (Түш.-Тынч океан ун-ти­нин филиалы, 1973), улуттук китепкана (1979), шаардан 8 км түн.-батышта ири деңиз порту ж-а кеме ремонттоочу жайлар (Бетио а-нда) бар. Кокос жаңгагын ж-а балык соода борбору. Япон согуш базасынын калдыктары (согуш техникасы, мемориал багы, синтоизм храмы ж-а көрүстөндөр) сакталган. Б-ден 16 км чыгышта өлкөнүн маданий борбору (а. и. акуланын тиши м-н кооздолгон кылычтар, кокос жаң­гагынан жасалган буюмдар сатылат) жайгаш­кан. Шаардан 20 км чыгышта эларалык аэропорт бар.