БАЙБУЛАТОВ
БАЙБУЛАТОВ Бегалы [1906, Каракол уезди, Чиркей айылы (азыркы Ысыккөл обл., Жаркынбаев айылы) - 1981] - тарых илимд. доктору (1968). ВКП(б) БКга караштуу Кызыл профессура ин-тун (1937), Кыргыз мамл. пед. интун (1947) бүтүргөн. 1928-34-ж. ВКП(б) Кыргыз обкомунун пропагандисти, ВКП(б) Кызылкыя райкомунун бөлүм башчысы ж-а биринчи секретары, 1937-42-ж. Фрунзедеги КомВУЗдун (коммунисттик жогорку окуу жайы) директору. Кыргыз ССР Радио к-тинин төрагасы, Ош мугалимдер ин-тунун директорунун орунбасары, 1942-47-ж. Сов. Армиянын катарында кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1947-52-ж. Кырг-н КП(б) БКнын лектору, Жалалабат мугалимдер ин-тунун директору, 1952- 59-ж. Кырг-н КП БКга караштуу Партия тары-хы ин-тунун директору, 1959-жылдан ошол эле ин-ттун улук ил. кызматкери болуп иштеген. 200дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 4 монографиянын автору. Эмгектери негизинен Кырг-н Коммунисттик партиясынын тарыхын, Кырг-ндын тарыхын изилдөөгө арналган. Кызыл Жылдыз, эки «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Эмг.: Социально-экономический строй Киргизии до Великой Октябрьской социалистической революции. Ф., 1958; От кочевья к социализму. Ф., 1969.