БАЙГАЗИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙГАЗИЕВ Советбек Орозканович (6. 12. 1946-ж. т., Нарын обл., Жумгал р-ну, Кайырма айылы) - педагог, филология илимд. доктору (2002), проф. (1996), КРдин билим берүүгө эмг. сиң. кызматкери (1998). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1969). Кыргыз телекөрсөтүүсүндө редактор (1971-72), «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы (1975-77), КР УИАда ил. кызматкер (1977-84), Кыргыз пед. ил.-из. ин-тунда сектор башчы, директордун орун басары болуп иште­ген (1985-93). 1993-2001-ж. И. Арабаев атн. КМПУнун проректору, 2002-жылдан Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти. 150дөн ашуун ил. эмгектин автору. Алар неги­зинен кыргыз ад-тынын, а. и. драматургиянын маселелерине, о. эле агартуу тарыхына арнал­ган. «Иниме кат», «Калем изи», «Атуул жана Ата Журт», «Агай, эмне атынып өлгөн жок­суз!», «Кыргыз журту ободогу “бүркүттүн” көзү менен» сыяктуу көптөгөн сын ж-а көркөм публ. чыгармалардын автору. Эмг.: Ала-Тоодогу агартуу тарыхынын кыскача очерки. Ф., 1985; Кыргыз тили жана адабияты окуу китептерине коюлуучу талаптар. Ф., 1986; Жазуу­чунун чыгармачылык индивидуалдуулугун мектеп­те үйрөнүү. Б., 1993; Улуу «Манас» улутубуздун дил жана тил бешиги. Б., 1995; Нурмолдо XIX кылымдын туңгуч агартуучусу жана даанышман педагогу. Б., 1995; Манастаануу. Б., 2002. М. Молдалиева.