БАЙГЕ
БАЙГЕ — мелдеште жеңгендиги үчүн берилүүчү сыйлык. Ат чабыш, жорго салыш, эр салыш, оодарыш, балбан күрөш, жөө жарыш, ордо, бука тартыш, бута атыш, жамбы атыш, кыз куумай, тыйын эңмей, көкбөрү, сундуй көтөрүү ж. б. элдик оюндарда жеңгендерге Б. берилген. Б-ге мал, мүлк, пул, кийим, кооздук буюм ж. б. сыйлыктар коюлган. Мис., Шабдандын ашындагы чоң ат чабыштын 1-байгеси 5000 сом болгон. Азыркы учурда Б-ге автомашина ж. б. буюмдар, о. эле акчалай сыйлыктар берилүүдө.